

Расмий сайт. Жаңылыктар, кесиптер, кабыл алуу жана абитуриенттер үчүн маалымат.
9-класстан кийин бюджеттик негизде кабыл алынган студенттер 2 жыл (9-класстын базасы менен) окуп, орто жалпы билим жөнүндө аттестат жана мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат. 11-класстан кийин кабыл алынган студенттер 10 ай (11-класстын базасы менен) окуп, мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат.
Муктаж болгон студенттер бардык шарттары бар жатакана менен акысыз камсыз болушат.
Аскерге чакыруу жашындагы эркек студенттер окуу мөөнөтүндө аскер кызматынан кийинкиге жылдыруу укугуна ээ болушат.
Жакшы окуган студенттерге мамлекет тарабынан стипендия төлөнөт. Жетим балдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган жана социалдык колдоого муктаж студенттерге кошумча жардам жана тамак-аш үчүн каражат каралган.
Окуу жайдын түзүлүү жана өнүгүү тарыхы. Фрунзе шаарындагы №20 шаардык кесиптик-техникалык окуу жайы (азыркы №94 Кесиптик лицей) 1965-жылы Кыргыз ССРинин Калкты тиричилик жактан тейлөө министрлигинин чечими менен негизделген. Бүгүнкү күндө лицей көп жылдык тажрыйбаны заманбап билим берүү технологиялары менен айкалыштырып, жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган заманбап окуу жай болуп саналат.
Кененирээк...
Директордун атына жазылган арыз
Билим тууралуу документтин түп нускасы
086 формадагы медициналык маалымкат
Жашаган жеринен маалымкат (дареги жана үй-бүлө курамы)
Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
Ата-энесинин биринин паспорт көчүрмөсү
3×4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт
Аскердик каттоо күбөлүгүнүн же аскер билетинин көчүрмөсү