Биз жөнүндө
Окуу жайдын түзүлүү жана өнүгүү тарыхы
Окуу жайынын түзүлүү жана өнүгүү тарыхы Фрунзе шаарындагы №20 шаардык кесиптик-техникалык окуу жайы (азыркы №94 Кесиптик лицей) 1965-жылы Кыргыз ССРинин Калкты тиричилик жактан тейлөө министрлигинин чечиминин негизинде шаар тургундарын тейлөө үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо максатында түзүлгөн. Окуу жайында фотограф, кең профилдеги чач тарач, саат оңдоочу уста, радиомеханик, газ жабдууларын тейлөөчү слесарь, бычмачы жана электр ширетүүчү сыяктуу адистиктер боюнча окутуу жүргүзүлүп, бүтүрүүчүлөр Калкты тиричилик жактан тейлөө министрлигинин буйрутмасынын негизинде даярдалган. 1976-жылы Кыргыз ССРинин Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитетинин 1976-жылдын 18-августундагы №176 буйругуна ылайык окуу жай №7 Техникалык окуу жайы болуп кайра уюштурулган. №7 Техникалык окуу жайы Токмок шаарындагы радиозавод, «Рембытмаш», «Кыргызбытрадиотех», «Кыргызгазификация», Кыргыз ССРиндеги «Сетунь» заводу жана Калкты тиричилик жактан тейлөө министрлиги менен тыгыз кызматташкан. 1984-жылы Кыргыз ССРинин Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик комитети №7 Техникалык окуу жайын №94 Орто кесиптик-техникалык окуу жайы кылып өзгөрткөн. Ал мезгилде окуу жайдын шаар ичинде бир нече окуу корпустары, жатаканалары жана өзүнүн оңдоо устаканалары болгон. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Эл агартуу министрлигинин чечими менен №94 Орто кесиптик-техникалык окуу жайы №94 Кесиптик-техникалык окуу жайы болуп кайра аталып калган. Окуу жайда 1,5 жана 2 жыл (9-класстын базасы менен)дык окуу мөөнөтү менен өндүрүштүк муздаткычтарды оңдоочу уста, татаал тиричилик техникаларын оңдоочу электромеханик, токуучу, тигүү ишин билген бычмачы жана тигүүчү адистиктери боюнча адистер даярдалып, студенттер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушкан. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин чечиминин негизинде окуу жай кайра уюштурулуп, ага №94 Кесиптик лицей макамы ыйгарылган. Ошол эле жылы окуу мөөнөтү эки жылдан 10 ай (11-класстын базасы менен)лык окууга өзгөртүлгөн. 2011–2012-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын «Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоору менен, ал эми 2014-жылы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен кызматташтыктын негизинде лицей эл аралык байланыштарын чыңдап, материалдык-техникалык базасын кыйла жакшырткан. Окуу корпусу жана жатакана капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, эки тигүү устаканасы, чач тарач салону жана татаал тиричилик техникаларын оңдоо устаканасы заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Ошондой эле жаңы шаймандар жана материалдар сатылып алынган. 2014-жылы лицей KOICA менен кызматташууну улантып, волонтёрлор электроника боюнча сабактарды өткөрүшкөн. Корей үйү менен кызматташуунун алкагында үч жыл ичинде волонтёр Хо Же Рюнун демилгеси менен окуу шарттары кыйла жакшыртылып, 20 миң АКШ долларынан ашык суммадагы эмеректер жана жабдуулар алынган, ошондой эле оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Волонтёр Ро Кён чач тарач адистигинде окуган студенттер үчүн косметология жана визаж боюнча сабактарды уюштурган. Мындан тышкары, корей тилин жана маданиятын үйрөтүү максатында беш айга беш кореялык студент чакырылган. 2023-жылы KOICA долбоорунун алкагында дагы 20 миң АКШ доллары бөлүнүп, анын эсебинен эки окуу кабинети толугу менен оңдолуп, 26 компьютер, телевизорлор жана ар кандай техникалык жабдуулар сатылып алынган. Натыйжада лицейдин базасында Маалыматтык технологиялар боюнча окутуу борбору ачылып, окуу жай маалыматтык технологиялар багыты боюнча кесиптик билим берүү лицензиясын алып, бул адистиктерге студенттерди кабыл ала баштаган. 2024-жылдан тартып лицей кайрадан эки жылдык окуу системасына өтүп, 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл ала баштады. 9-класстын базасында кабыл алынган бүтүрүүчүлөр кесип менен бирге мамлекеттик үлгүдөгү орто жалпы билим жөнүндө аттестат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Өзүнүн өнүгүү тарыхында №94 Кесиптик лицей эмгек рыногунда талап кылынган заманбап кесиптерди окутууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бүгүнкү күндө лицейде 250гө жакын студент тиричилик техникаларын оңдоочу уста, чач тарач, бычмачы-тигүүчү, тигүүчү сыяктуу тейлөө тармагындагы, ошондой эле графикалык дизайнер, веб-иштеп чыгуучу жана системалык администратор сыяктуу маалыматтык технологиялар багытындагы адистиктер боюнча билим алышууда.